Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУнун 50 жылдык маарекеси салтанаттуу белгиленди

 

  2014-жылдын 2-октябрь күнү академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 50 жылдык маарекесин белгиленди.  Иш чара эрте менен саат 10:00 дө башталып, биринчи кезекте окуу жайдын спорттук аянтчанын ачылышы болуп, ага чакырылган коноктор катышышты. Андан сон салтанаттуу жыйындын ачылышы болуп,, ОшТУнун ректору, проф.  Абдыкадыр Абидов куттуктоо сөзүн айтты. Маарекеде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаттары: Султанов Акылбек, Алимбеков Нурбек, Никитенко  Наталья   Осмонов Малик, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусту боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Жээнбеков Шоорнбай Шарипович, Кыргызстан профсоюздар комитетинин төрагасы, Илим билим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, профессор  Асылбек Токтогулов, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчыевич, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы Улан Примов, Кыргызтанда жайгашкан жогорку жана атайын окуу жайлардын жетекчилери, Кыргызстандагы чет элдик консулдун өкүлдөрү, Ош шаарындагы жана ош облустундагы  мекеме ишканалардын жетекчилери жана окуу жайды бүтүрүп бүгүнкү күндө өндүрүштүн түрдүү тармактарында эмгектенген жетекчи бүтүрүүчүлөрү куттуктоо  сөздөрүн айтышты.  Салтанатту кеченин жүрүшүндө окуу жайга эмгеги синген окмуштууларга, кызматкерлерге жана 50 жыл ичинде жетектеген ректорлорго “ОшТУнун төш белгиси” менен окуу жайдын ректору проф. Абдыкадыр Абидов сыйлады.

Ал эми Кыргызстан профсоюздар комитетинин төрагасы, Илим билим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, профессор  Асылбек Токтогулов, ОшТУнун ректору профессор Абдыкадыр Абидов баштаган бир топ кызматкерлерин “Профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгиси жана Борбордук комитетттин ардак грамоталары менен сыйлады.

 

Кеченин экинчи бөлүгү Ош шаарындагы Магнат ресторанында майрамдык сый тамак менен уланып, келген конокторго сый көрсөтүлдү. Окуу жайдын таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программма уюштурулуп, меймандарга тартууланып, майрамдык маанай тартууланды

Ал эми кечкисин ОшТУнун студенттери үчүн атайын кенейтилген бий кече окуу жайдын алдында уюштурулуп, окууда жана коомдук иштердеги алдынкы студенттер ректордук буйругунун негизинде Ардак баракчалар менен сыйланышты. Ал эми ОшТУнун Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Азизбек Арзыматов студенттерди майрамдык кече менен куттуктап, алдынкы студенттерге профсоюз фондунун эсебинен белектерди тартуулады.

 

 

Кошумчалай кетсек, Ош технологиялык университети 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун жалпы техникалык институтунун  жалпы техникалык инстутунун  жалпы техникалык базасында атайын бир бөлүм болуп ачылуу менен башталган. Андан сон, атайын факультет, кечки факультет, Ош технологиялык колледжи болуп, 1996-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын презитентинин Указы менен Ош технологиялык университети болуп түзүлгөн. 2004-жылы окуу жайга улуу окумуштуу академик Муса Мырзапаязович Адышевдин аты ыйгарылган.

         Бүгүнкү күндө ОшТУда 8 факультет, 3 институт, 3 колледже 10 000 ашуун студент билим алышууда

.

ОшТУнун бириккен профсоюз

 комитетинин төрагасы:                                           Арзыматов А.К.