Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Оштогу жолугушуу

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович иш сапары менен Ош жергесинде болду. 2013-жылдын 15-июль күнү билим, илим кызматкерлер профсоюздарынын Ош облустук комитетине караштуу райшаар жана жогорку окуу жайлардын төрага, төрайымдары менен жолугушту. Жолугушуу мезгилдеги сөзүндө Кыргызстан профсоюзунун акыркы жана келечектеги аткарыла турган пландары жөнүндө айтып өттү.