Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОШТОГУ 12 МЕКТЕП АКЫСЫЗ ИНТЕРНЕТ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында шаардагы 12 мектеп акысыз интернет менен камсыздалуусу ишке ашууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы № 2, 4, 5, 6, 7, 8, 14, 18, 20, 27, 38 жана №42 мектептерге интернет түйүндөрү орнотулуп, ал мектептерди күнү-түнү акысыз интернет менен “Акнет” компаниясы камсыздайт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аталган компания менен мектептердин келишим түзүүдө өзгөчө өрт жана техникалык коопсуздукка абдан көңүл буруусун тапшырды.

Мындан сырткары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов бул долбоордун ишке ашуусунда көмөгүн көрсөткөн Ош шаарынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын, ошондой эле Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчыларына ыраазычылыгын билдирди.

“Азыркы заманбап билим берүүдө интернеттин орду суудай керек экендигин мезгил өзү тастыктап, бул аракеттерди көрүүбүзгө түрткү болууда” – деди К. Кимсанов.