Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ошто окуу семинар болуп өттү

 

Ош областтык билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин өтүнүчү  менен  кызматкерлердин  эмгек акысын,  убактылуу  эмгекке  жарамсыздык, кош бойлуулук жана  төрөт боюнча  баракчаларга төлөмдөрдүн  туура  жүргүзүлүшү, ритуалдык сөөк коюуга жөлөк пулдардын төлөнүшү, укуктуулук, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту  сактоо жөнүндөгү маселелерди  камтыган  окуу семинар 2014-жылдын  13-ноябрында  болуп өттү.

Окуу-семинарды БПКнын  башкы техникалык  инспектору жана социалдык-экономикалык  бөлүмүнүн башкы адиси  Ниязбеков Кубатбек  слайд  аркылуу  абдан түшүнүктүү жана каныгаарлык деӊгээлде  өткөрдү.

Окуу-семинар суроо-жооп иретинде,  практика жүзүндө кездешүүчү  айрым бир  талаш-тартыштарды жаратуучу маселелерди   укуктук-ченемдик актылар менен айкалыштырып,  талкуу менен  коштолуп, бир бүтүмгө келүү менен  жүрүп жатты.

Бул иш-чаарага Кара-Суу, Өзгөн, Араван, Чоӊ-Алай райондорунун  жана  Өзгөн шаарынын  башкы эсепчилери, экономистери, эсепчилери катышышып, өздөрүнүн жандуусуроолорун беришип, канаттандыраарлык жоопторду алышып, өздөрүнүн  ойлорун бөлүшүшүп,  активдүүлүктөрүн  көрсөтүшүп, К.Ниязбековго ыраазычылыктарын билдирүү менен семинар өз ишин аяктады.

 

Ош областтык  профсоюз   комитети.