Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОШТО X ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮП ЖАТАТ

26-апрель Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары» аттуу X эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

Симпозиум 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кыргыз билим берүү академиясы, "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан ааламдашуу шартында билим берүүдө балдарды тарбиялоо жана билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү, учурдагы жетишкендиктерди жана маселелерди талкуулоо максатында уюштурулду.

Аталган илимий саамалыкка АКШнын, Австралиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын илим тармагынын өкүлдөрү ошондой эле Кыргызстандагы эл аралык ЖОЖдордон, мектептептерден мугалимдер катышууда. Иш чара расмий түрдө окуу жайдын жыйындар залында ачылып, анда Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов, Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору Бекмурза Зулуев жана “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунун башкы директору Акынбек Эргешов сөзгө чыгышып, чет өлкөдөн келген конокторго, катышуучуларга уюштуруу тобунун атынан ыраазычылык билдирүү менен иш чаранын жүрүшүнө ийгиликтерди каалап өтүштү. Андан соң пленардык жыйын башталып, катышуучулар сырттан келген жана элет жергесинен чыккан мыкты педагогдордун кызыктуу, маанилуу баяндамаларына күбөө болушту.

Эскерте кетсек симпозиум секциялык иштер менен уланып, эртеге мугалимдер үчүн методикалык мастер-класс өткөрүлмөкчү.

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу