Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун жаштары шаар тургундарын тазалыкка үндөдү

      Ош мамлекеттик университетинин жаштары 17-18–сентябрь күндөрү “Тазалык - ыймандын жарымы” деген аталыштагы акция уюштурушту.

         Алгач акциянын уюштуруучулары Ош шаарынын көчөлөрүндө шаар тургундарын тазалыкка чакырган лозунгдары менен жүрүш жасашты. Андан соң 150дөн ашуун жүрүштүн катышуучулары  “Ошто жашап, ОшМУда окуганыбызга сыймыктанабыз”,  “ОшМУнун жаштары таза шаар үчүн” деген ураандарды айтышты.

         Акциянын биринчи күнү Ош шаарындагы Новои эс алуу багынан Токтогул  эс алуу багына чейинки бактын ичин, Ак-Буура дарыясынын бойлорун акыр-чикирлерден тазалап, иретке келтиришсе, акциянын экинчи күнүндө Сулайман тоосуна чыгышкан акциянын ыктыярдуу мүчөлөрү  тоонун чыгыш, батыш тарабына жана эл басуучу жолдоруна бөлүнүшүп, таштандылардан арылтып, шыпырып иретке келтиришти. Мындай демилгелүү студенттерге кубанган Сулайман тоо музейинин жетекчилиги студенттердин музей менен таанышып кетүүсүн сунуштап, ыраазычылыгын билдирди.

 “Акцияны уюштуруудагы негизги максатыбыз жаштарды тазалыкка үндөө, шаар тургундарын тазалыкка чакыруу болуп саналат. Ишембиликке Жаштар комитети менен биргеликте ыктыярдуу студенттер келип катышып, салым кошуп жатышат, ал эми тиешелүү жабдыктар менен университеттин адмистративдик чарба кызматы камсыздады”, -деди ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Маткалыков Азиретали.

    Кошумчалай кетсек, аталган иш чара ОшМУнун тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан жыл сайын демилгеленип уюштурулуп келет.