Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун окутуучулары ортосунда спорттук мелдештер жыйынтыкталды

Студенттердин кышкы каникулу убагында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын  ортосунда спорттун 5 түрү боюнча  аялдар жана эркектер арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Окуу жайдын профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Абдыжапар Аккуловдун айтымында мелдештерди өткөрүүдөгү негизги максат окутуучулар арасында сергек турмуш образын жайылтып спортту жана дене тарбияны пропагандалоо, жамаат ичиндеги ынтымакты бекемдеп, кызматкерлердин бош убактыларын көңүлдүү өткөрүүнү уюштуруу болуп эсептелет. Мелдештерге университеттин бардык окуу түзүмдөрүнөн 300гө жакын спортчулар катышып, жамааттын калган мүчөлөрү күйөрмандык кылышкан. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, кубоктор жана дипломдор менен сыйланып, “Эң аксакал катышуучу”, “Эң жаш оюнчу”, “Чебер оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” сыяктуу номинацияларда кызыктыруучу сыйлыктар да белгиленген. 

 

ОшМУнун басма сөз кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкулов