Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун илимий китепканасынын жамааты Улуу Жеништин 70 жылдыгынын урматына ардагерлерден кабар алышты

“9-Май - Улуу жеңиш майрамы. Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, алар көрсөткөн эрдик Улуу жеңиш тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.

   

Быйыл Улуу Жеништин 70 жылдыгы - согуштун ардагерлерине таазим этип, алардын баа жеткис эрдигин эскерүүчү жыл. Жеништин  таттуу даамын таткан күндөн бери канчалаган суулар акты, жылдар өттү. Ар бир жылы кутман ардагерлерибизди көрүп, согуш апаатын өз ооздорунан угуп, алар менен чогуу Жениш күндү белгилеп жатканыбыз биз үчүн улуу сыймык. Анткени барган сайын алардын саны азайып барат, биз аларды тирүү көрүп турган акыркы муундарбыз”, -дейт ОшМУнун илимий китепканасынын директору С.Мамбетова. 

         Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен Ош шаарындагы 26 кадырлуу согуштун ардагерине сый урмат көрсөтүү айлыгы жарыяланып, демилгени колдоо максатында ОшМУнун илимий китепканасынын жамааты өмүрлүк жубайлар Тягунова Анна Куприяновна жана Шугайлов Михаил Трофимовичти чын жүрөктөн жеңиштин 70 жылдык майрамы менен куттуктап, белек бечкектерди тапшырышты.

    Урматтуу, кадырлуу согуштун ардагерлери, ажал отун кечип, биздин келечегибиз үчүн күрөшкөнүнүздөргө ырахмат!

Биз согуштан кийин төрөлүп, анын запкысын тартпаганыбыз, гүлдөгөн эркин өлкөлөрдө жашаганыбыз үчүн, башыбызды ийип, таазим этебиз.  Арабызда опол тоодой аркак болуп жүрө бериниздер, бар болунуздар деген каалоолорун жодошот уюштуруучулар.