Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУдан маалымат

Студенттерге профсоюз билеттери менен ыраазычылык каттар тапшырылды 26.04.19. ОшМУда ички мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан    студенттер кесиптик кошуунга кабыл алынып, төрага Абдыжапар Ураимович аларга профсоюздун билеттерин тапшырды. Өз сөзүндө агай тартуу кылынган билеттер ээлеринин эмгектик жана социалдык укуктарын коргоого жардам берип, ишкердиктин бардык чөйрөсүндө аларга кесиптик кошуундун кызматтарынан кенен пайдалууга жол ача тургандыгын белгиледи.

ОшМУнун профсоюз уюму мобилдүүлүккө келген студенттерге ар дайым кам көрүп келет. Үстүбүздөгү семестрде үч маал ысык тамак менен камсыздап, ден соолукту чыңоого шарт түзүүчү профлакторийге ар ай сайын ондон орун бөлүп берип турду. Мындан тышкары айрым иш-чараларга демөөрчүлүк дагы кылды. Бул үчүн Абдыжапар Ураимовичке эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жана жалпы мобилдүү студенттердин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Иш-чаранын алкагында конок студенттерди профсоюзга мүчө болуштары менен куттуктап, ушундай жигер уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине ыраазычылык каттарды тапшырдык. Бул сүйүнүчтүү документ ОшМУнун коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышып, эки университеттин өнөктөштүк мамилесин чыңоого өз салымын кошуп, окуудагы жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган 15 студентке берилди.

 

Материалды даярдаган:

Суйумкан Арзиева