Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда “Тынчтык оюндары -2014” акыл таймашы жүрүп жатат

 

14-май күнү ОшМУнун алдындагы “Тынчтыкты изилдөө” борбору жана Эмгек, миграция, жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы биргеликте уюштуруп жаткан акыл таймаш оюнуна Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан ОшМУнун “Көк асаба”, ОшТУнун “ОшТУ”, ОшМСУнун “Мурас”, ОГПИнин “Санжыра”, ОшМЮИнун “Фемида”, ККЭГИнин “Миратворцы” командалары катышып, биринчилик үчүн таймашууда.

         Аталган оюнга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Т.Жумабаева катышып, оюндун катышуучуларына ийгилик каалады. Ал эми  ЭлТР компаниясынын продюсери Талантбек Канатбек уулу оюнга калыстык кылууда.

         “Биз өткөн жылы тынчтык оюндарын  шаардагы мектептер ортосунда уюштурганбыз, быйылкы жылы ЖОЖдордун ортосунда уюштуруп жатабыз. Биздин максат жаштардын ортосунда достукту бекемдөө, чыр-чатактуу маселелердин алдын алуу, жаштарды акыл таймаштарына кызыктыруу болуп саналат”, -деген ОшМУнун алдындагы “Тынчтыкты изилдөө” борборунун директору Расул Авазбек уулу уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө атайын белектер ыйгарылып, 1-орунду алган командага ЭлТР компаниясында уюштурулуп, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Билермен ордо” оюунуна жолдонмо ыйгарылаарын кошумчалады.

         Белгилей кетсек, оюн 4 турдан туруп, анда командалар тынчтык боюнча видео-роликтерин көрсөтүү, “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына карата суроо-жооптор, блиц-тур, капитандар таймашы сыяктуу тапшырмаларда өздөрүнүн билимин, дараметин көрсөтүшөт.