Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда студенттер күнүнө карата “Отличниктер слету”, «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде  окуу жайдын тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан  17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата “Отличниктер слету” жана  факультеттер арасында «ОшМУнун стилдүү студенти - 2014» сынагы уюштурулду. Сынак  16-ноябрь күнү Ош улуттук драма театрында болуп өттү.

Студенттердин майрамына карата уюштурулган “Отличниктер слетунда” атайын жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 18 студентке ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендианты деген сертификаттар, 3 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинде жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан  тарбия иштерин  стимулдаштыруучу конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Жыйынтыгында “ОшМУнун мыкты жаштар комитети”, “ОшМУнун мыкты  студенттик тайпасы”, “Жылдын мыкты теле алып баруучусу”, “Жылдын мыкты радио алып баруучусу”, “Жылдын мыкты акыны”, “Алтын калем”, “Алтын үн”, “Мыкты окурман” сыяктуу 11 мыктыга номинацияларды ОшМУнун ректору Каныбек Исаков тапшырып, жалпы студенттерди майрам менен куттуктады.

Андан соң көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган “ОшМУнун стилдүү студенти-2014” конкурсу старт алды. Мелдеш 3 турдан туруп 1-турда жана 3турда конкурсанттар күзгү, кышкы  кийимдердин  эркин, классикалык, кечки стилдерин көрсөтүштү,  2-турда катышуучуларга жүрүм-турумга атыр жыттарды пайдаланууга, боюнууга, кийинүүгө байланышкан суроолор берилип, интеллектуалдык деңгээл текшерилди. Сынакка белгилүү стилист, визажист, дизайнерлер калыстык кылышты.


 

Конкурска факультеттерден, институттардан тандалып алынган 11 мырза, 10 селки катышып жыйынтыгында  Искусство факультетинин студенти Илимбек кызы Динара «ОшМУнун стилдүү селкиси - 2014»,  ал эми Чет тилдер  факультетинин студенти Жыргалбек уулу Самат «ОшМУнун стилдүү мырзасы - 2014» номинациясына ээ болушса, Юридика факультетинин студенти Ураимова Нурзада “ОшМУнун күз ханышасы”, Искусство факультетинин студенти Нурбала Улукбеков “ОшМУнун күз мырзасы”, ал эми Тарых факультетинин студенти Акинай Каратаева “ОшМУнун кыш ханышасы”,  Педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти  Манас Абдирахимов  “ОшМУнун күз мырзасы” номинацияларына татыктуу болушту. Жеңүүчүлөрдүн баары Ысык-Көлдө жайкы эс алууга жолдомо, диплом,  баалуу белектер менен сыйланышты.

Ош МУнун тарбия департаментинин директору З.Божонов билдиргендей, сынак 2010-жылдан тартып студенттерге кийинүү маданиятын үйрөтүү максатында  уюштурулуп келет.

 

ОшМУнун басма сөз кызматы