Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү улантылып жатат

Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 15-мартындагы №80 токтомунун №2 тиркемесинин редакциясында Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканаларга шаардагы согуштун жана ооруктун ардагерлерине сый-урмат көррсөтүү боюнча Жобо кабыл алынган.

Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин утурлай Ош мамлекеттик университетинде да Ош шаарындагы  кадырлуу согуштун ардагерине сый урмат көрсөтүү айлыгы жарыяланган.  Окуу жайдын ар бир структураларында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлер менен жолугушуу, баарлашуу, профессордук-окутуучулук курам, студенттер үчүн лекция жолугушуулар, дискуссиялар,  концерттик программаларды камтыган түрдүү иш чаралар уюштурулуп, окутуучулар тарабынан шаардагы ардагер аксакалдардын ал-акыбалын сурап, материалдык, моралдык жактан колдоолор көрсөтүлүүдө.

         Бул иш чаралардын  демилгечиси болгон ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 20-апрель күнү Ош шаарынын  Масалиев көчөсүнүн №76/6 батиринин жашоочусу, 85 жаштагы ооруктун ардагери Буайша  Мамбетовадан кабар алып, баарлашып кайтты.

         Ооруктун ардагерине материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 15 миң сом акчалай жана 5 миң сомдук күнүмдүк тамак-аш азыктары тапшырылып, согуштун оор күндөрүн баштан кечирип, жеңиш күндөрү үчүн кошкон аталарыбыздын, энелерибиздин эмгектери эч качан унутулбай, эскерилип келеээрин айткан окуу жай жетекчиси ыраазычылык сөзүн жолдоп, согуштун ардагерлерине баш ийип таазим кылаарын айтты.