Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда мамлекеттик тил майрамы белгиленди

     23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 27 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде 22-сентябрь күнү башкы имараттын алдында чоң программадагы салтанат уюштурулду. Кечеде кыргыз тилинин Гимни ырдалып, кыргыздын улуттук бийи бийленип, кеченин катышуучуларынын ар биринин акыл –эсине сиңип, жүрөгүнөн түнөк тапкан кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган керемет ырлар, сахналык көрүнүштөр менен коштолду, чет элдик студенттердин кыргыз ырларын, кыргыз бийлеринин аткарышы, өзгөчө 40 комузчунун коштоосунда чертилген комуз күүсү көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.

     Кеченин алкагында ар бир факультет, колледждер көргөзмө уюштуруп, анда окутуучулар тарабынан жарык көргөн илимий монографиялар, окуу китептери, башка тилден которулган окуу китептери, окуу-усулдук колдонмолор, көркөм чыгармалар, программалар, иш кагаздардын үлгүлөрү, дубал газеталар сыяктуу мамлекеттик тилде даярдалган материалдар коюлду.

     Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон окутуучуларга КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

      Белгилей кетсек, сентябрь айынынын башында ОшМУда мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланган. Жобого ылайык буга чейин I бөлүгүндө бардык факультет, колледж, лицейлеринде атайын иш чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында мыкты сахналык көрүнүш, мыкты окулган ыр, обондуу аткарылган чыгарма, музыкалык аспапта ойнолгон күү, мыкты улуттук бийлер тандалып алынган жана алар аталган кечеде тартууланды. Кече ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, мамлекеттик тил борбору жана Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулду.