Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда мамлекеттик ипотека алуунун шарттарындагы өзгөртүүлөр боюнча маалымат берилди

        Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын “Арзан турак-жай-2015-2020” программасына ылайык мамлекеттик ипотека боюнча жыйын болуп өтүп, ага университеттин 40тан ашуун окутуучу-кызсаткерлери катышышты.

         Жыйында мамлекеттик ипотекалык программасына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маселе каралып, мамлекеттик компаниясынын өкүлү  Гүлназ Мамашова,  Айыл Банктан  Ош шаарындагы филиалынын директору Илимбек Бектеналиев,  Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Тилек Додоновдор катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө  мамлекеттик ипотека компаниясынын өкүлү Гүлназ Мамашова мамлекеттик ипотека алуунун шарттарына өзгөртүүлөр киргендигин белгилеп, мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн документтердин саны кыскартылгандыгын, насыянын жылдык үстөгү 10-12%га чейин арзандагандыгын, өздүк салымы жоктор кошумча күрөө койсо боло тургандыгы маалымдады. Мында ипотека алуучулар үйлөрдү өздөрү тандап, көп кабаттуу үйлөрдөн 80 м2 чейин жана 150 м2 чейин жер үйлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү бар.

        Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлү Тилек Додонов мамлекеттик камсыздандыруу боюнча маалымат берсе, Айыл Банктан  Ош шаарындагы филиалынын директору Илимбек Бектеналиев банктын кызмат жүргүзүүлөрү, мамлекеттик ипотекага алууга тиешелүү процесстер боюнча айтып кредит алуунун жалпы шарттары, кредит төлөө мөөнөтү, пайыздык өлчөмдөр сыяктуу окутуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

       Мындай жыйынды уюштурган ОшМУнун профсоюз уюмунун төарагасы Абдыжапар Аккулов  учурда ОшМУдан “Арзан турак-жай-2015-2020” программасына ылайык мамлекеттик ипотека алуу үчүн  60ка жакын окутуучулар  документ даярдашып, алардын 15и ипотекалык кредит алып, үй менен камсыздалгандыгын айтты. Ошондой эле университеттин 20 окутуучусу Ош шаарындагы муниципалдык ипотека боюнча үй менен камсыз болушкандыгын билдирди.