Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда илимге кызыккан жаштардын башын кошкон аймактык студенттик илимий конференция

Ош мамлекеттик университетинде ОшМУнун 75 жылдык юбилейине карата “Илим жана жаштар – жаңы идеялар жана жыйынтыктар” аттуу аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. 

 

Конференцияга ОшМУ, ОшТУ, ОГПИ, ЖАМУ, БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунан 300дөн ашуун студенттер катышышты.

 

Илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 4 секцияда алдыңкы 75 студенттин баяндамалары жасалды жана мыкты деп табылган баяндамаларга дипломдор ыйгарылды. Конференцияда ОшМУдан жалпысынан 36 студент баяндамаларын талкууга коюшту жана алардын ичинен 21 студент байгелүү орундарга ээ болушту.

Бул илимий иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, алардын бардык багыттагы байланыштарын жандандырууга өбөлгө түздү. Конференциянын иши кечки саат 19га чейин уланып, студенттер жакындан баарлашышып, достошушуп, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.