Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда айдын жарыгында Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесин даңазалаган реквием кечеде 4000 студент хор ырдашты

Ош мамлекеттик университети 2015-жылдын 28-апрелинде саат 19-30да ОшМУнун башкы имаратында Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата “Ата Журтту коргогондорго түбөлүк таазим” реквием кечесин өткөрдү.

Кечеге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Парламент аралык комиссиянын тең төрагасы, РФ Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Заварзин, РФнын Мамлекеттик Думанын Билим берүү боюнча комитетинин төрайымы Надежда Шайденко, Мамлекеттик Думанын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү Татьяна Алексеева, Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Анатолий Лисицын, Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин мүчөсү Геннадий Савинов, Парламент аралык комиссиянын тең төрагасы, КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Алла Измалкова, Эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөлөрү Майрамкан Кадырбекова менен Таалайбек Ибраев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Улан Примов, Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов, Кыргызстан элдер Ассоциациясынын Ош облустук кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, жогорку окуу жайларынын ректорлору, окутуучулары, коомдук-маданий ишмерлер, акын, жазуучулар, студенттер катышышты.

Реквием кечеси алгач советтик диктор Ю.Левитандын жүрөк үшүн алган согуштун башталгандыгын кабарлаган сөзү менен башталып, ата журт, согуш темасындагы “Свяшеннная война”, “Катюша”, “Келген жок”, “Эстелик”, “День Победы”, “Кыргызстан” ырларын 4000 миңден ашуун студенттер хор ырдашты, каардуу согуш, улуу жеңиш темасындагы ырлар көркөм окулуп, Ч.Айтматовдун “Сманчынын жолу”, “Эрте келген турналар” чыгармаларынан үзүндү аткарылып, адабий-музыкалык композиция менен коштолду.

Согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган кеченин жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын достугун чыңдоого, ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн РФ Мамлекеттик Думасынын Коргоо боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Россиянын баатыры Виктор Заварзинге салтанаттуу түрдө “ОшМУнун Ардактуу профессору” наамын ыйгарды. “Ош шаарынын тургундары, ардактуу ардагерлер, окутуучулар, студенттер сиздерди Улуу жеңиш майрамы менен куттуктаймын. Бүгүн силер тартуулаган кечеден алган сезидерими айтып жеткире албай турам. Ушундай улуу майрамдын алдында тартууланган реквием кечени уюштурган ОшМУнун ректоруна, профессордук-окутуучулук курамга, студенттерге терең ыраазычылык билдирем. “ОшМУнун Ардактуу профессору” наамын алуу мен үчүн чоң жоопкерчилик, жакынкы күндөрдө университетке келип, жаштарга пайдалуу лекция өтүп, университет менен байланышты үзбөймүн”, - деди Виктор Заварзин.

КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев да кечеден чоң эргүү алып, толкунданып тургандыгын айтып жатып “Бүгүн силер согуш ардагерлерине кандай сый-урмат кылып, жаштарга согуштун апаат күндөрүн, анын кесепеттерин жеткирип, муундан-муунга өткөрүп берүүнүн жогорку үлгүсүн көрсөттүңөр. Ош шаары жаштардын шаары экендигине күбө болуп турабыз. Мындай Улуу майрамды даңазалаган университеттин ректору Каныбек Исаковго, жалпы жамаатка, студенттерге терең ыраазычылык билдирем”, -деди.

Кеченин соңунда, “День победы” ыры жалпы коноктор менен биргеликте хор ырдалып, асманга Улуу Жеңиштин урматына салюттар атылды. Жүрөктөн чыккан ырды ырдап жаткан коноктор көздөрүнө жаш алышты. Жыйынтыктап жатып ОшМУнун ректору К.Исаков кеченин уюштуруучуларына, студенттерге ыраазычылыгын айтты.

Белгилей кетсек, ЭлТР, ОшТВ каналдарына тартылган кече жакынкы күндө жалпы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат