Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ таланттары Кара-Кулжа районунун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады

21-март күнү кесипке багыт берүү жана Нооруз майрамына карата Ош мамлекеттик университетинен аттанган делегация Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл округундагы 4 мектептин бүтүрүүчүлөрүн жана айыл тургундарын көктөм майрамы менен куттуктап келишти.

            Майрамдык кечеде “ОшМУ жазы-2015” таланттуулар фестивалынын жеңүүчүлөрүнөн жана Искусство факультетинин  "Жаштык"  вокалдык-эстрадалык ансамблинен концерттик программа тартууланып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзыды.  

            Кесипке багыт берүү максатында бүтүрүүчүлөргө ОшМУнун “Нур” гезитинин атайын чыгарылышы таркалытылып берилди.


Белгилей кетсек, мындай иш чаралар салтка айланып ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Жакынкы аралыкта эле  Баткен областынын жана Ноокат районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнө университеттин “ОшМУ мырзасы-2015”, “Идеалдуу түгөйлөр - 2015” сынактары тартууланып келген.