Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ студенти балдар үйүндө тарбияланып жаткан 20 баланын Сары-Челек көлүндө эс алуусуна демөөрчүлүк көрсөттү

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата демөөрчүлүк көрсөтүп, Өзгөн районундагы Мырза–Аке айылындагы "Боорукердик" балдар үйүндө тарбияланып жаткан  20 баланы кыргыздын кереметүү Сары-Челек көлүнө алып барып эки күн эс алыдырып, балдар менен жакындан баарлашып, мээрим төгүп,  алардын ар биринин ууртуна жылмаю тартуулаган ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин 5-курсунун студенти Нурпери Кулчуновага бүгүн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков административдик кеңешмеде “Ыраазычылык катын” тапшырып, жалпы жамааттын атынан ыраазычылыгын билдирди.

         “ОшМУда 2010-жылдан бери Оштогу "Алтын уя", "Боорукердик", Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатынын балдары менен ОшМУнун таланттуу студенттери табият койнуна экскурсияга чыгышып, студенттер өз колдору менен түрдүү даамдарды даярдашып, спорттук оюндарды ойноп, ырдап, бийлеп бир күн болсо да балдарга агалык-эжелик мээримдерин көрсөтүп келишчү. Өткөн жылы "Студенттерден - балдарга" боорукердик иш-чарасы ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жайында болуп анда студенттер Ош шаарындагы Көзү азиз жана көрүүсү начар мектеп-интернатынын балдары менен биргеликте  эс алып келишкен. Ошол жылы уюштурулган иш чара тууралуу маалымат алып, абдан таасирленгендигин айткан биздин студентибиз Нурпери Кулчунова кийинки жылы ушул иш чарага мен демөөрчүлүк кылайын деген оюн билдирген болчу. Быйыл минтип сөзүнүн үстүнөн чыгып балдарга кубаныч тартуулады”,- дейт гумандуулук иш чарасынын уюштуруучусу, ОшМУнун тарбия департаментинин директору З.Божонов.

         Эс алуу учурунда балдарды ОшМУнун талантуу студенттери коштоп,  ыр-бийлерин тартуулашып, тамак-ашын даярдашып, спорттук оюндарды ойноп жакындан бир туугандык мээримин көрсөтүп келишти.

 Бүгүн адамдар  заман агымы менен агып,  жашоодо өзүнүн күнүмдүк жашоосунан артык башка иштерге убакыт, мээрим ажырата албай калган заманда мындай балдарга жагымдуу маанай тартуулап, кыргыздын кереметтүү жеринде, табият койнунда эс алууга шарт түзүп, колдоо көрсөтүп жаткан студент кызыбыз көпчүлүккө үлгү боло алат. Коомубузда ушундай боорукер, мээримдүү адамдардын катары арбысын.