Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ анатомиялык экспонаттары менен ийгиликтерди багындырды

 

Ош шаардык мэриясы жана жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына” карата  уюштурулган “КЫЛЫМ ЧЕБЕРЛЕРИ” көргөзмө сынагында колдо жасалган керектүү буюмдар боюнча жалпы жарандар арасында сынакта  ОшМУнун медицина факультетинин  адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы кафедрасынын жетекчилиги астында чыгармачыл студенттердин колунан  даярдалган анатомиялык экспонаттар байгелүү II-орунга жетишип, плазмалык телевизор жана атайын диплом менен сыйланган.

Чеберчиликти жана талантты талап кылган чеберлер сынагындагы жеңиши менен аталган кафедранын жамаатын ОшМУнун профессордук-окутуучулук  курамы куттуктап, мындан кийинки иштерине да ийгиликтерди каалады.

“Чыгармачылык менен жасалган бул экспонаттар башка катышуучулардын эмгектеринен анатомиялык багытта болгондугу менен айырмаланып турду. Анткени көпчүлүк инсандарды органдар жөнүндө даярдалганды абдан кызыктыргандыгын байкадык. Студенттерибиздин чыгармачылыгы менен жасалган бул экспонаттарды биз мындай сынактарга биринчи жолу алып чыгып отурабыз”, деди адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомиясы  кафедрасынын башчысы Канат Сакибаев.                                                                                            

ОшМУнун басма сөз кызматы