Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүн тосуп алды

2019-жылдын  11-октябрында  ОшМУнун  чөң чогулуштар  залында   физика-математика  факультетинин  1974-жылкы  бүтүрүүчүлөрүнүн  45  жылдык жолугушуу аземи болуп  өттү.

Жолугушуу  ОшМУнун   башкы  имаратынында университеттин музейи менен таанышуу  менен  башталды.

Жолугушуга  устаттар: физика-математика  илимдеринин докторлору-  профессор  С.Каримов, профессор Б.Арапов, педагогока илимдеринин кандидаттары - М.Алтыбаева, Р.Н.Халиулин, улуу окутуучулар- М.Маматкулова,Н.С. Селиванова, ректор-Кожобеков К.К, 1974-жылкы  бүтүрүүчүлөр, факультеттин  студенттери  катышышты.  

 Аземдин салтанаттуу  бөлүгү залда уланып, аны  ОшМУнун  проректору А.Абдувалиев ачып, өзүнүн  курсташтарын, агай-эжекелерди, студентерди 45 жылдык  юблейлик азем  менен  куттуктады.

Куттуктоо  сөздөрдүн ректор Кожобеков  К.К, устат  мугалим Б.Арапов, 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн атынан физика-математика  илимдеринин  доктору, ЖаМУнун проректору Алыбаев  К.С  айтышты. Ректоратка, деканатка,  устаттарга эстелик  белектер  тапшырылды.

Бүтүрүүчулөр  студентердин  суроолоруна  жооп  беришип, ой-пикирлер болушушту. Азем  кызыктуу  жана  мазмундуу  өтүп катышучуларда чөн таасир калтырды.

Материалды даярдаган:

Жалал-Абад  обкомунун  инспектору,

ОшМУнун 1974-жылкы  бүтүрүүчүсү

А.Айдаров.