Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош ОПКнын Пленуму

 Баштапкы  профсоюз  уюмдарынын  төрага,  төрайымдарынын   укуктук – ченемдик  актылардын    негизинде  билим  деӊгээлдерин  жогорулатуу   жана   контракттык  студенттерди  мотивациялоо   жөнүндө  2015-жылдын  3-апрелинде областтык  профсоюз   комитетинин  Пленуму  болуп  өттү.   Пленумда  2014-жылда РПК, ШПК да  борбордоштурулган  бухгалтериялардын   эсепчилерин, экономисттерин,  профсоюз  уюмдарынын   лидерлерин  катыштырып   өткөрүлгөн  окуу – семинардын  жыйынтыгы  менен  оптимизация, үнөмдөлгөн  акчалардын  эсебинен   область  боюнча   жалпы 59,0млн  сом   мугалимдердин  колуна  жеткендиги,  түнкү  убакта  иштеген  кароолдор,  от жагуучулар  үчүн  баардык  райшаарларда  ишке  ашкандыгы  дем  алыш  жана   майрам  күндөрү   үчүн  төлөмдөр  Кара- Кулжа, Өзгөн,  райондорунда  2015-жылдын   январынан  тарта  турмушка  ашырылгандыгы   маалым  болду.

  Пленумда ОПКнын  төрагасы  С. Тойгонбаев   кетирилип  жаткан  кемчилдиктерге   басым  жасап, коммуналдык  тейлөөгө   жеӊилдик  Кара- Суу, Ноокат  райондорундагы  айрым  бир  айыл  аймактарында   жүзөгө  ашып,  ал  эми  башка  райшаарларыбызда   такыр  эле  колго  алынбай  жаткандыктары, айыл  жерине   барып  жайгашкан  жаш  кадрларга  жөлөк  пулдарды   төлөө да  Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунан  башка  райшаарларда  аткарылбай   келгендигин  белгиледи.  ЖОЖдун  окутуучуларынын   медкароодон  акысыз  өткөрүлбөй  жаткандыгына  токтолду.  Студенттик  жаштарды  мүчөлүккө  кабыл  алууда  сөз  жүзүндө  айтылып  эле,  иш  жүзүндө   такыр  эле  иш жүрбөй,   чечкиндүү  кадамдар  ташталбай  жаткандыгына  окуу  жайлардын  төрагаларынын  көӊүлдөрүн  буруну  тапшырды.

    Пленумда  РПК,ШПК, окуу  жайлардын   лидерлери  талкууга   активдүү  катышышып,   кызматкерлердин   укуктарын,  кызыкчылыктарын   коргоодогу  ой-пикирлерин,  сунуштаган  ортого   салышып,  окуу – семинарларды  быйылда  улантуу     керектиги  белгиленди.

              Пленумда  билим, илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун   VI - съездине    делегаттарды   шайлады  жана  БПКнын  жана  анын  текшерүү   комиссиясынын  курамдарына  мүчөлөрдү   түз  делегаттоо  принцибинде   сунуштады  жана   башка  тиешелүү  чечимдерди   кабыл  алуу  менен   өз  ишин   аяктады.

 

                  Ош  областтык профсоюз  комитети.