Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусунун Ноокат районундагы «Жол кайгуул кызматынын жаш инспекторлору-2014» кароо сынагы

 

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2011-жылдын 14-мартындагы №178/1 буйругунун жана ички иштер министирлигинин 2011-жылдын 28-февралындагы №38 биргелешкен буйруктарына ылайык райондук билим берүү бөлүмүнүн жана балдардын чыгармачылык борборунун иш планынын негизинде “Жол кайгуул кыймылынын жаш инспекторлору-2014” кароо сынагынын райондук туру 2014-жылдын 25-апрелинде өткөрулду.

        Бул сынакка Ноокат райондук БББ башчысы М.Маматалиев, Ноокат РПКнын төрайымы С.Шанабаева жана райондук ички иштер бөлүмунүн инспекторлору конкурстун ачылуу аземине катышышты.

        Жыл сайын бул кароо - сынак зоналдык жана райондук этаптарда өткөрүлүп, республикага чейин Ноокат районунун жаш жол инспекторлору алдынкы орундарды камсыз кылып келүүдө. 

        Жылына 45 мектеп катышып келсе быйылкы жылы 60 мектеп катышып жатат.

        Жол кайгуул кыймылынын жаш инспекторлору кароо-сынагы жылына Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлөт. Зоналдык этабы Көк-Бел, Кеңеш, Кыргыз-Ата жана Исанов атындагы айыл аймактарындагы мектептерде 22-апрель күнү Ломоносов атындагы орто   мектепте болуп өттү. Анда Чынгараев атындагы орто мектебинин окуучулары эң жакшы көрсөтө алды. Ошондой эле Беруний атындагы орто мектебинде 23-апрель куну болуп өттү. Мектептеги командалардан К.Бобулов атындагы Баргы, Кашкалдак, Ысмайыл, Аль-Харезмий командалары өзүнун активдүүлүгүн көрстөтүшүп райондук этапка жолдомо алышкан. Ал эми Көк-Жар айыл аймагында 24-апрель күнү болду. Мектептердеги командалардан Жийде, Нарай, Асранов мектептеринин окуучулары байгелүү орундарга ээ болушту жана райондук этапка катышышка укук алды.

      Ош облусунун башка райондорго караганда Ноокат районунун К.Бобулов атындагы Баргы орто мектебинин “Үч-Жарык” командасы өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүшүп, жылына баш байгени эчкимге бербей келүүдө.Республикалык деңгээлде 2010-жылы ушул эле мектептин окуучулары 1-орунду багындырышып, Ноокат районунун намысын коргоп келишкен жана Ысык-Көл эс алуу лагеринде 12 кунгө эс алып кайтышкан. Быйылкы жылдагы командалардын формалары өздөрүнүн таасирдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турушат. Конкурстун жыйынтыгында:

                                                  I орунга К.Бобулов атындагы орто мектеби

                                                 II орунга Жийде атындагы орто мектеби

                                                III орунга А.Абдуллаев атындагы орто мектеби

татыктуу болушуп Ардак Громаталары жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.