Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областынын Кара- Суу районунда мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү

Мугалимдердин август кеңешмесине КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жээнбеков С. Ш,  Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.И Матраимов, КРнын Билим берүү академиясынын президенти Мамытов Абакир Мамытович, Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагасы  Султанбеков Касымбек Файзулдаевич, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Орозбаев Марат Тургунбаевич, райондогу жалпы билим берүүчү мектеп, мектепке чейинки мекеменин жетекчилери, мугалимдер, ата-энелер комитеттеринин төрага, төрайымдары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Күн тартибинде  3 маселе каралды.

  1. 2012-2013-окуу жылында мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү менен  билим сапатын жогорулатуу , мектептердин материалдык - техникалык  базасын чыңдоо багытындагы билим берүү кызматкерлеринин аткарган иштери жана 2013-2014-окуу жылына карата милдеттери  жөнүндө.
  2. Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын атайын токтому менен белгиленген  “Мектептерди ,  мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы  мекемелерди 2013-2014-окуу жылына карата сапаттуу  даярдоонун жыйынтыгы”, “ Жылдын мыкты мектеби ”,  “Жылдын мыкты бала бакчасы”  атуу кароо-сынактарынын жыйынтыктарын чыгаруу  жөнүндө.
  3. Облустук кеңешмеге катышуу делегаттарды шайлоо тууралуу.

Жаңы окуу жылына карата жалпы билим берүүчү  мектеп, мектепке чейинки мекемелерди кезектеги иштерин өз убагында  сапаттуу даярдаган   төмөнкү билим берүү уюмдары  салтанатта өзгөчө белгиленди.

Буларга: К. Жакыпов, Ленин, С. Маматов,    Х. Мирзжанов, Учар, Т.Юнусов, О.Кожошев, Агартуу,  Заиров, Октябрдын 70-жылдыгы,   К. Рахимов, А.Семетеев,  Өмүрзаков,  Ч.Айтматов, Жантөшев, Кулбаев, Ак-буура, Кызыл-Сарай,  Эшматов, Мусаев, Жоош негизги мектеби, Бапыгулов,  Маматалиев,  Исанов,  №134,  Бөдөнө,  К.Момбекова, К.Абдылдаев, Учкун, ВЛКСМ,  Ибн-Сино, Зулпуев,  Кашкар-Кыштак а-о атайын дүлөй балдар бакчасы, Заиров,  Турсунзаде, Газиева, Шамырбеков, А.Султанов,  Жантошев,  Чолпон, Р. Халбаев, Омарбек датка, Т. Алимбеков, Сабиров, Н. Примбердиев, Керме-Тоо, Сүрө-таш, Парпиев, Бабалашкар, Мачак, Манас, Маданият, Гагарин, Токтогул, “Айданек”, “Татына”, “Алтын-Балалыгым”,  “Ак жол балдары”, “Татына”, А Осмонов, А. Рахманалиев, Д. Султанов, Кызыл-Кыргызстан,  Бекмуратов, Зарбалик орто мектеби.         

Кыргыз Республикасынын  Президентинин жарлыгы менен быйылкы жыл Республикада “Иштерман” жылы деп жарыялангандыктан,  КРнын билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 30-июлундагы №489-1 буйругу менен мугалимдер  1-сентябрь - Билим күнүнө арналган  алгачкы сабакты бардык мектептерде “Иштермандык, биримдик -мекен тиреги” деген  темада  өтүшө тургандыгы белгиленди.

“Мектептерди,  мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы  мекемелерди 2013-2014-окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоо”, “ Жылдын мыкты мектеби ”,  “Жылдын мыкты бала бакчасы” аттуу кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн аныктаган жыйынтык чыгарылып, Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан 107 мин 750 сом сыйлык ээлерине тапшырылды. 

Андан кийин айыл округунун башчылары мектеп, мектепке чейинки мекемелерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Кеңешменин аягында бир добуштан 103 мугалим тарбиячы, айыл округунун башчысы, мекеме-уюмдун жетекчилери облустук кеңешмеге катышууга делегат болуп шайланышты.