Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык профсоюз комитетинин кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат

Ош областтык билим, илим кыз­маткерлеринин профсоюз комитети РПК, ШПК, окуу жайлардын профсоюз комитеттери менен биргеликте кызматкерлерди социалдык жактан тиешелүү  кепилдик ме­нен коргоодо.

Тактап айтсак, билимин өркүндөтүү үчүн курстарга жөнөтүпгөн мугалимдерге  

Кара-Суу районундагы Сарай, Папан, Нариман, Кызыл-Кыштак, Мады, Жоош, Отуз-Адыр, Шарк, айыл округдарында, Өзгөн районундагы Кароол, Мырза-Аке, Дөн -Булак, айыл округунда, Чоң-Алай районундагы Чоң- Алай. Жекенди айыл округдарында сапар чыгымдары толук өлчөмдө КР Өкмөтүнүн 26.08.2008-ж. №471 - токтомундагы көрсөтүлгөн суммаларда төлөнүп берилүүдө. Ал эми калган райондордо жана айыл округдарда бир күндүк чыгым (су­точный) жана жол кире акылары төлөнүп берилүүдө. Медициналык кароо бардык райшаарларда акысыз өткөрүлүүдө.

Өнөктөштүк жаатында Чоң-Алай РПКда мугалимдерди  социалдык жактан колдоодо натыйжалуу иштер жургузулуп жатат. Атап өтсөк, кызматкерлерди отун менен камсыздоодо, көмүрдүн баасы мугалимдер үчүн 0,70 сомго б.а. 1 тонна үчүн 700 сомго арзан баада берилүүдө. Араван, Ноокат, Озгөн районундагы айрым  каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар айыл округдарында коммуналдык тейлөөгө жеңилдиктерди берүү сметага киргизилди.

Үй куруу үчүн жер участоктору тоолуу аймактарда берилүүдө. Оштогу окуу жайлардын мугалимдерине шаардын сугат эмес чет жакасынан 500 уй салуу үчүн жер тилкесин (участок) бөлүп берүү эрежелештирилип, социалдык муктаждыктарына жараша бөлүп берүү иштери колго алынды. Алай, Чоң-алай, Кара- Кулжа райондорундагы тоолуу аймакта жашап жана иштеп жаткандыктары үчүн, кошуп төлөнүүчү коэффициенттеринен киреше салыгы (подоход) салык кодексине ылайык  кармалбастан берилүүгө жетишилди.

2012-жылдын июнь айында БПКнын аппарат кызматкерлери тарабынан кызматкерлердин социалдык-экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо темасында Араван, Кара-Кулжа, Өзгөн РПК, Өзгөн ШПКларында көчмө семинарлар натыйжалуу өткөрүлдү.

Ош  областтык  профсоюз  комитети  профсоюз активисттерин,  мектеп администрацияларын  жана  айыл  округтардын  эсепчилерин  катыштырып,  нормативдик  укуктук  актылардын  негизинде  профсоюздук  окуу-семинарларды  өткөрүүнүн  иш пландарын, графигин  түзүп, ОПКнын  Президиумунда  талкуулап,  бекитип  областтагы баардык  райшаарларда өз  жер жерлеринде  өткөрүлдү.

Көчмө  окуу-семинар  төмөндөгү темаларды  өз ичине  камтыды:

-Кызматкерлерди  нормативдик  укуктук  актыларга  ылайык  жумушка кабыл  алуу, эмгек тартиби  жана  жумуштан четтетүү жөнүндө.

-Убактылуу  эмгекке  жарамсыздык,  кош бойлуулук,  төрөт боюнча  баракчаларга  жана  расымдык  сөөк  коюу  боюнча  жөлөк  пулдар  төлөө  жөнүндө.

-КР Өкмөтүнүн  токтому  менен  бекитилген  нускамага  ылайык  кызматкерлердин  эмгек  акыларын  төлөө жөнүндө.

-Эмгекти  коргоо  жана  техникалык  коопсуздукту  сактоо жөнүндө.

-Пенсия  курагындагы  кызматкерлердин, пенсияга  чыгууда  керектүү  документтерин даярдоого  багыттама берүү.

Бул  окуу-семинарды  даярдап  өткөрүүгө  ОПКнын  аппарат  кызматкерлери, РайБББнын   кадрлар бөлүмдөрү, РПК,ШПКнын  төрага, төрайымдары тартылып, Араван  районунда  райондук   каржы бөлүмүнүн  башчысы, райондук  социалдык фонддун  бөлүм башчысы,  Өзгөн  районунда  райондук   каржы  бөлүмүнүн  бюджеттик бөлүмүнүн  башчылары  келип катышып, семинардын  катышуучуларына өздөрүнүн  багыттары  боюнча   түшүнүктөрдү, суроо  талаптарына  жоопторду  беришти.

Жер-жерлердеги   окуу-семинарларга  Алайда 71, Араванда 72, Кара-Кулжала 53, Кара-Сууда 135, Ноокатта 73   Өзгөн  району жана Өзгөн шаары  менен биргеликте   өткөрүлүп 138, жалпы область  боюнча  542  активисттер  катышып,  жогорудагы  темалардын   тегерегинде  жана  андан сырткары  да  көйгөйлүү  суроолорун  беришип, ынанаарлык  жоопторду алышты.

Эмгек акы төлөө жөнүндөгү  нускамадагы  кээ-бир  чектөөлөр жана  кошумча  төлөмдөр жөнү жок эле  каражаттарды  үнөмдөө үчүн, чектелип калгандай моониде  экендиги  мугалимдердин  койгон суроо талаптарынан  айдын ачык байкалып  жатты.

М:  мектеп жетекчилеринин  окуткан  сабактарына  айыл жери үчүн, педагогикалык  стажы үчүн  кошумча  төлөмдөр  жүргүзүлбөгөндүгүн  эмне менен түшүндүрсө болот. Мектеп жетекчилери директор, завуч кызмат абалында  педагог, ал эми сабак окуткан  учурларында  алар  педагог  эмес,  башка кесиптин  ээлерине  айланып  калабы.  Ошондой  эле кызмат абалы  үчүн  айыл жеринде  иштеп  жаткандыгы үчүн  кошумча  төлөм жүргүзүлөт,  окуткан сабагына  кошумча  төлөм жүргүзүлбөйт, ал учурда айыл жери   шаарга айланып  калабы деген,  обьективдүү суроолор тулуп жатты.

Дагы бир токтолуп  кетчүү маселе, класстан тышкаркы сааттар жөнүндө: М: Класс  жетекчилик үчүн  4 саат  бөлүнүп эсептелинет, иш жүзүндө  50% өлчөмдө   төлөм жүргүзүлөт,ал эми  сааттын  саны, көлөмү боюнча  4 саатка эсептелинип, 32 сааттык  чектөөнүн  көлөмү толуп  калып  мугалимдер 2 саатка  зыян тартып  калышууда. Азыркы мезгилде  окуучуларга  тарбия берүү  аксап турган учур, андыктан  тарбиялоо эң актуалдуу маселе  болгондуктан,  класстан тышкаркы иштерге, ар бир саатына  45 сомдон  төлөм жүргүзүү абзел.

ОПК өзүнүн жыл башындагы президиумунда «2012-жыл кызматкерлердин ден соолуктарын чыңдоого кам көрүү жылы» деп кабыл алынып анын тегерегинле бир топ иштер жүргүзүлүп, кызматкерлердин арыздарынын негизинде 1127000 сом материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Кызматкерлердин ден - соолугун чыңдоодо, курорт- санаторияларга 195 жолдомолор берилип алар өз убагында пайдаланылып, кызматкерлер ден-соолугун чындап кайтышты.

Область боюнча Ысык-Көлгө мугалимдердин эмгектик өргүү мезгилинде эс алуулары уюштурулуп 628 мугалим «Академия Наук» пансинатында  эс алып кайтышты. Мындан сырткары жергиликтүү ден- соолукту чыцдоочу профилакториялар менен алака түзүп, Араван РПК "Чарбак", Кара-Кулжа РПК "Кара-Кочкор" профилакториясына мугалимдерди жолдомо менен камсыздап, кызматкерлердин ден-соолуктарын чыңдашты. Жаратылышы кооз Кара-Шоро, Арстанбап, Сары-Челек, Кара- Кой, Абшыр-Ата, Жылуу-Суу өңдүү жерлерде жай мезгилдеринде 3020 ашуун кызматкерлер райшаар, окуу жайлар тарабынан эс алдырылды. ОшМУнун Ысык- Көлдөгү "/мүт" пансионаты жылдан жылга өзүүнүн тейлөө деңгээлин жогорулатуу менен эс алуучулардын агылып баруусуна жагымдуу жагдайларды тартуулашууда. Анын негизинде жалпы областтан 135 адам эс алып кайтышты. ОшМУ студент жаштарга социалдык жактан шарт түзүү үчүн, студенттердин ден-соолуктарын чыцдоочу окуу жайлар аралык профлакторияны өздөрүнүн күчтөрү менен кайрадан ишке киргизип, 50 орундуу ден- соолукту чыңдоочу борбор иштей баштады.

Кызматкерлердин       ден-соолуктарын чыңдоо багытында 2012-жылы Областтык профсоюз комитети Оштогу  Мамакеев      атындагы «Кооператор» санатория- профилакториясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, комитеттин бюджетинин эсебинен 135, «Ош»  пансионатына 85 жолдомо алып, кызматкерлер 10 күндөн ден- соолуктарын чыцдап кайтышты. Бул иш - чара быйылкы жылы да улантылып 230 дан ашуун мугалимдерди эс алдыруу эрежелештирилүүдө. Ошондой эле Кара-Суу РПКда Оштогу "Ак-Буура" санатория-профилакторияга 311 мугалимди жөнөтүп ден-соолуктарын чыңдашты, быйылкы  жылы бул иш - чаара уланмакчы. Афганистандан куралдуу күчтөрдү алып чыгып кеткен күнүнө карата, билим берүү тармагында иштеп жаткан афган согушунун ардагерлерине сый тамак уюштурулуп  жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Акыркы бир топ жылдардан бери Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту менен тыгыз байланышта болуп Ош, Баткен областтарынын мектеп жетекчилеринин ар бир айдагы курстарына барып,"Кызматкерлердин социалдык – экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын    коргоодо профсоюздардын ролу" деген темада лекция окутулуп баштапкы уюмдардын ролун жогорулатууга басым жасалууда жана мектеп жетекчилери ал жерде алган теориялык билимдерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө иш алып барууда, практикада чоң көмөктөш болууда. Профсоюздук мүчөлүккө мотивациялоо иштеринде да алгылыктуу иштер жүргүзүлүп Кара-Суу, Араван жана Кара-Кулжа райондорундагы техникалык кызматкерлер, билим берүү тармагынын профсоюз мүчөлүктөрүнө кабыл алынды.

Профсоюз кызматкерлерин моралдык жактан колдоо ирээтинде, ОПКнын Президиумунда талкууланып, бекитилип профсоюз уюмунда көптөгөн жылдар бою лидер болуп эмгектенген профсоюз активисттерин сыйлоо үчүн «Профсоюз Ардагери» деген төш белги уюштурулуп, 7 төш белги профсоюз ардагерлерине тапшырылды. Ошондой эле учурда баштапкы профсоюз уюмдарын ийгиликтүү жетектеп жаткан төрага, төрайымдардын демине дем кошуу таризинде «Мыкты профсоюз кызматкери» деген төш белги уюштурулуп, 6 төш белги алдыңкы бштапкы уюмдардын жетекчилерине тапшырылды. Бул эки төш белгинин ар бирине 1000 сомдон акчалай сыйлык берүү чечими кабыл алынып, төш белги менен кошо берилүүдө.

Билим берүү кызматкерлери, жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоолорго катышышып, төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болушту.

- Алай району боюнча 51 кызматкер;

- Араван району боюнча 28 кызматкер;

- Кара-Кулжа району боюнча 48 кызматкер;

- Кара-Суу району боюнча 35 кызматкер;

- Ноокат району боюнча 68 кызматкер;

- Өзгөн району боюнча 33 кызматкер;

- Өзгөн шаары  боюнча 3 кызматкер;

- Чоңалай району боюнча 20 кызматкерлер депутат болуп шайланышып, эл ишенимине ээ болушту. Жалпы область боюнча жергиликтүү Кеңештерде 286 кызматкер депутат болуп эсептелинет. Бул көрсөткүчтөр, мугалимдердин жергиликтүү бюджеттен каржылана турган социалдык маселелерин чечүүгө, оң натыйжаларын берет деген ишеничтебиз.

«Иштерман жылына»  карата   спорттун беш түрү боюнча  Спартакиада  2013-жылдын  17-18-майында өткөрүлдү. Быйылкы жылы  райшаарлардын  билим берүү  кызматкерлери менен  окуу жайлардын  кызматкерлери  арасында  биринчи  жолу  биргеликте  өткөрүлдү жана  ал өз  максатына жетти.

Мугалимдердин  эмгек акысын  туура  эсептөөдө,  айрым  айыл аймактарынын  эсепчилеринин кетирип жаткан  катачылыктарын  жөнгө салуу  кыйынчылыктарды туудурууда.

Эгерде  Өкмөттүн  токтомунун долбоору  ишке ашып,  райБББнын  алдында борбордоштурулган  эсепканалар  уюштурулуп, иштей баштаса  эмгек акыны  туура эсептөө  жөнүндөгү  маселелер  өзүнөн-өзү чечилмекчи.

 

 

     Областтык  профсоюз

     комитетинин  төрагасы:                                                                  С. Тойгонбаев.