Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан уюштурулган Спартакиада болуп өттү
«Иштерман жылына карата» «Ден-соолук» аттуу билим берүү жана илим кызматкерлеринин спорттун 5 түрү боюнча облустук VII Спартакиадасы 2013-жылдын 17-18-май күндөрү Ош Технологиялык университетинин спорттук базасында болуп өттү. Спорттук мелдешке райшаар жана жогорку окуу жайлардын командалары катышышты.
Спартакиаданын жыйынтыгында спорттун 5 түрү боюнча I орунду Ош Мамлекеттик Университети, II орунду Ош Технологиялык Университети, III орунду Ош Социалдык Университети, IV орунду Өзгөн районунун командалары жеёип алды. Жеёүүчүлөр жеке жана командалык эсеп боюнча облусттук профсоюз комитетинин I, II, III даражадагы дипломдору, балуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев, Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтунун ректору Токторов, Э.С. Ош Технологиялык Университетинин проректору Шамшиев Б.Н. тапшырышты.