Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети маалымдайт.

«Жыл  мугалими» кароо-сынагы өттү.

 

2013-жылдын 26-27-апрель күндөрү Ош  областы боюнча  райшаарлардын  кароо-сынактарында   1-2-3-орунду  ээлеген   чыгармачыл  мугалимдер  областтык кароо-сынакка  катышышып, 1-оорунду Темирбаева Динара Өзгөн районундагы  Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинип  кыргыз-тили мугалими  ээледи.  Кароо-сынакка катышкан  мугалимдерге  Областтык  билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитети тарабынан  дипломдор жана баалуу  белектер  тапшырылды.

Уюштуруу Пленумдары өткөрүлдү.

2013-жылдын 27- апрель күнү Кара-Суу  райондук билим  берүү кызматкерлер  профсоюз комитетинин  уюштуруу Пленуму  өткөрүлдү.

2013-жылдын 29-апрель күнү Өзгөн  райондук  билим берүү кызматкерлер  профсоюз комитетинин  уюштуруу  Пленуму өткөрүлдү.

Жогорудагы уюштуруу  Пленумдарына  Кыргызстан профсоюздар  Федерациясынын төрагасы  А.Токтогулов ,

Ош областтык профсоюздар  Кеёешинин  төрагасы Т.Мусаев, Ош  областтык  билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин төрагасы  С.Тойгонбаевдер катышышты.