Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОШ ОПКнын пленуму болуп өттү

Ош ОПК 2020-жылы аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылдын 21-январында кезектеги Пленуму өткөрүлдү.

Пленумда уюштуруу маселеси каралып, Пленум мүчөлөрүнүн айрымдары башка кызматтарга өтүп кеткендиктери жана каза болгондугуна байланыштуу курамдан чыгарылып, алардын ордуларына баштапкы уюмдардын берген сунуштарына ылайык курамдын мүчөлөрү толукталды.

Күн тартибиндеги «Тармактык профсоюз лидерлеринин курамынын сапаттык деңгээлдерин жогорулатуу жана 2/3 тараптуу жамааттык келишимдер, макулдашуулардын алкагында социалдык өнүктүштүктү өнүктүрүү» маселеси боюнча С.Тойгонбаев доклад жасады. Ал негизинен 2020-жылы аткарылган иштерге токтолуп, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда айрым бир аткарууга жетишилбей калган иш-чараларды, быйылкы жылы жүзөгө ашырууга болгон аракеттерди жасоого, БПК тарабынан уюштурулуп жаткан кароо-сынак да жамааттык келишимдер, макулдашуулар жөнүндө экендигине Пленум мүчөлөрүнүн көңүлдөрүн буруп, баса белгиледи. Пленумдун маселесин талкулоодо жарыш сөзгө чыгып сүйлөшкөн профсоюз активисттери ОПКнын жыл ичинде аткарган иштерине канааттандыраарлык деп баа беришти. Суроолор берилип, жооптор алынды.

Айрым сунуштар көңүлгө алына турган болду. Соңунда, Пленумдун токтому тааныштырылып, кабыл алынып, тиешелүү уюмдарга жетекчиликке алуу милдеттендирилди.

Тойгонов Сабыр