Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинен маалымат

"Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, бүгүнкү күндө “Даңк” ордендүү, куттуу окуу жайыбыз болгон ОшМУда иштеп жаткан жана ардактуу эс алуудагы 360 тан ашуун ардагерибиз бар. 1-октябрь Улгайгандардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин 200гө жакын мугалимдерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан жыл сайын салтка айланып өткөрүлгөн сый тамак жана концерттик программа уюштурулду.  ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана Ош МУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Аккулов Абдыжапар Ураимович ардагер агай-эжекелерди куттуктап сөз сүйлөштү. Кечеге чакырылгандарга профсоюз комитети тарабынан жалпысынан 185 000 сом миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлдү.  Кутман карыларыбыздын атынан чыгып сүйлөшкөн профессорлор А.Анарбаев, Б.Арапов, Б.Каримова, К.Матикеев, К.Нурдиновалар кечени мыкты деңгээлде уюштургандыгы үчүн университеттин жетекчилигине, профсоюз комитетинин, ошондой эле, административдик-чарба департаментинин, Студенттик Акыйкатчы аппаратынын, Таланттар академиясынын чыгармачыл кыз-жигиттерине, "Жетиген" ресторанынын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

 

Материалды даярдаган:

Суйумкан Арзиева