Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Опыт алмашуу семинары

    Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзу Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү  менен биргеликте түзүлгөн иш планына карата Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзу Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектептер арасында “Мектептин алдына койгон проблемасын чечүүнүн  жолдору” деген тема менен  билим сапатын көтөрүүгө карата семинарларды уюштурушту.  Чүй районундагы И.Борончиев атындагы жана Токмок шаарындагы №5 орто мектептери, Чуй районундагы Кегети айылындагы О.Исаев атындагы  жана Токмок шааарындагы №3 орто мектептеринин ортосунда мугалимдер арасында опыт алмашуу өткөрүлдү. Семинардын максаты билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн баалоо, алдынкы мугалимдердин сабактарына катышуу, мектептин материалдык-техникалык базасы менен таанышуу болду. 

    2017-жылдын 30-ноябрында Чүй районундагы Кегети айылындагы О.Исаев атындагы орто мектебине  Токмок шааарындагы №3 орто мектебинин 15 мугалими,2017-жылдын 1-декабрында  Чуй районундагы И.Борончиев атындагы орто мектебине Токмок шаарындагы №5 орто мектебинен 9 мугалими  семинарга катышып келишти. Семинарда көрсөтүлгөн ачык сабактарга, класстан тышкары иштерге анализдер берилди. Мугалимдер бири бири менен ангемелешүүгө, өздөрүнүн  ой пикирлерин бөлүшүүсүнө убакыт берилди. Мында мугалимдер менен мектеп администрациянын биргелешкен иштери, эмгек келишими, мугалимдердин иштөө режимдери, расписаниени түзүлүшү, кызыктыруучу гарнттарды бөлүштүрүү ж.б.д.у.с. суроолор менен пикир алмашуулар болду. Негизинен семинар коюлган максатына жетти. Семинардын жыйынтыгында мугалимдер Чүй райондук жана Токмок шаардык билим берүү  кызматкерлеринин профсоюзуна,  Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө ушундай опыт алмашуу семинарын уюштургандыгы үчун терең ыраазычылыктарын  билдиришти.