Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОПКнын Президиуму болуп отту

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Президиумунун отруму 2018 –жылдын 26 – июнь күнү болуп өттү.

Президиумдун күн тартибинде ОПКнын иш планында кабыл алынган маселелер кызматкерлердин эмгек өргүүлөргө чыгуу жана алардын эмгек өргүүлөрүнүн туура эсептелиниши , кызматкерлердин жана алардын үй – бүлөө мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын, ден – соолуктарын чыңдоону уюштуруу жөнүндө каралып, ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев быйыл балдарды эс алдырууга өзгөчө көңүл буруларын, областтын аймагындагы балдардын ден – соолуктарын чыңдоочу борборлорго жайгаштырууну колго алуу, ар бир балдарга тийштүү документтердин так даярдалуусуна жетишүүсүнө талаптарды койду.

Кызматкерлерди Ыссык –көлгө эс алдыруу РПК, ШПК, окуу жайлардын төрагаларынын көңүлдөрүнүн борборунда болуусу жөнүндө түшүндүрмөлөрдү берди. 

 

Ош областтык кесиптик бирлик комитети.