Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооматтуу мугалим

Жалал-Абад областтында 2022-жылдын 23-24-май күндөрү «2022-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын областтык туру болуп өтүп, анда Жалал-Абад шаарынын №5 Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын химия мугалими Абилов Максат Каримжанович жеңүүчү болгон.

Ал «2022-жылдынмыкты мугалими» кароо-сынагынын Жалал-Абад шаардык этабында жеңүүчү болуп, баш байге автоунаа менен сыйланган.

2022-жылдын 22-июнунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов Жалал-Абад  шаарынын №5 Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын химия мугалими М.К.Абиловго Анталияда (Туркияда) эс алуу үчүн жолдонмону тапшырып, экскурсиялык эс алуусун байсалдуу болуусун каалады.

Ооматтуу мугалим М.К.Абилов обкомдун төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык билдирип, кесиптик бирлик уюмунун иштерине ийгиликтерди каалап, жакшы тилектерин  билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров