Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен”

Н.И.Мешков атындагы №34 орто жалпы билим берүүчү мектепте “Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен” деген темада салтанаттуу линейка болуп өттү. Линейкага Ооган согушунун ардагерлери, айыл өкмөтүнүн башчысы,  ардагер аксакалдар катышышты. Мектептин жамааты жана кесип бирлигинин демилегси менен чоң концерттик программа даярдалып, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Ооган согушунун катышуучуларына “Юбилейный медаль 30 лет вывода войск из Афганистана” медалдары жана грамоталары менен сыйланышты.

“Ооган согушунун катышуучулары ар дайым биз менен” деген темада буклеттер сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды.

Ооган катышуучуларынын демилгеси менен мектепте спорттук мелдеш оюндары өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамоталар айыл өкмөтү башчысы тарабынан тапшырылды.

 

Материалды даярдаган

 Шертаев Кадыр