Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

      Афган  Демократиялык Республикасындагы  согушка   катышышып,  өздөрүнүн   интернационалисттик   милдеттерин   аткарышып,  социалисттик  лагерди  чыӊдоого   салымдарын  кошуп,  каармандыктарын   көрсөтүшүп  келген   ардагерлер  менен   21.02.2018ж  күнү   жолугушуу  өткөрүлдү.                                                                                  

    Ош  областы   боюнча  476 ардагер  болсо,   анын  ичинен   28 ардагер  билим,  илим  кызматкерлеринин   профсоюз  мүчөлөрү  болуп  саналышат.  Алардын  өтөгөн  кызматтары  жөнүндө   азын  - оолак  сөз   болуп,  андай  согуштар   мындан  ары  болбосун,  баардык  эле  элдерде  тынчылык,  бейпилдик  өкүм  сүрсүн  деген   калоо – тилектер  айтылды.  Жолугушуунун  соӊунда   белектер  берилип,  аларга  бекем  ден  - соолукта  болууларына   жалпы  кызматкерлер  тилектеш  экендигин   ОПКнын   төрагасы   С.Тойгонбаев   билдирип,  жолугушууну   жыйындыктады.

 

 

                              Ош  областтык  профсоюз  комитети.