Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушу- айыкпас жара

2019-жылдын  14-февралында   Кадамжай  районундагы Үч-Коргон  аймагында  30  жылдык  афганецтер  менен  жолугушуу  болуп  өттү. Жолугушууга үч ардагер, Билим жана  илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  төрагасы  А.Момошов, Билим  берүү  бөлүмүнүн  кызматкерлери,  бардык  мектеп  жетекчилери  жана  окуучулар   катышты.  

Ардагерлерге  арнап,  окуучулар патриоттуулук  темасында  ыр,  бий, театрлаштырылган  чыгарма  аткарып  беришти.  Окуучулар  Ооган  окуясы жөнүндө  кенири  маалымат  ала  алышты  жана  жаш  өспүрүмдөрдүн  жүрөгүндө  патриоттуулук  сезим,  мекенге  болгон  сүйүү   күчтүүрөөк  ойгонду  деп  ойлойм.

 

                                                                                     Даярдаган:

Ф.Ажиева