Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Ооган ардагерлерине таазим!"

"Сүлүктү-Келечек" ясли бакчасында 15-февраль Ооган ардагерлеринин күнүнө карата "Ооган ардагерлерине таазим!" аттуу эртелик өткөрүлүп, эртелике Ооган согушунун ардагерлери Саитов Абдугапар, Сыдыков Жакуббек, Абдрахманов Дастан агаларыбыз келип, балдарга патриоттук сезим тартуулашып, Ооган согушу жана патриоттуулук жөнүндө кеп салып беришти.

Бала укканына караганда көргөнүн жасайт дегендей, ардагер агаларыбыздын балдарга бет маңдай отуруп, башынан өткөнүн айтканы жана аларга тарбиялуу насааттарын бергени балдардын жүрөктөрүнө азык, патриоттук сезим ойготту.

Өз кезегинде ардагер агаларыбызга ыраазычылык билдирүү менен узак өмүр бактылуу доор каалайбыз.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети