Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОЛИМПИАДА 2018

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында  2018-жылдын 26-27-февраль күндөрү мектеп  окуучуларынын предметтик олимпиадасынын Баткен областтык туру Кадамжай шаарында өткөрүлдү.  Иш чара «Семетей» лицейинин базасында 2 тур менен 26-февраль күнү теориялык, 27-февраль күнү практикалык туру болуп өттү.         

      Олимпиадага жалпысынан Кадамжай, Лейлек,  Баткен райондорунан жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларынан  аймактык, райондук, шаардык турунан тандалып алынган алдыӊкы окуучулар келип катышышты. Ошондой эле иш чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким  Ж.Исаков,  Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору  М.Айжигитова, Билимди балоо жана окутуу усулдары борборунун адистери, райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Ж.О.Гайбуллаев, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери жана ата-энелер  жамааты катышышты. Олимпиаданын жыйынтыгында 104 окуучу байгелүү орундарды ээлеп анын ичинен 17 окуучу предметтик  олимпиаданын республикалык туруна жолдонмо алышты. Областтык олимпиада жогорку деӊгээлде калыс өтүп ата-энелер жана мугалимдер уюштуруучу топко ыраазычылык билдиришти.