Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуучуларга ысык тамак берилүүдө

     Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда башталгыч класстын окуучуларына ысык-тамак берүүнү уюштуруу боюнча чоң иштер аткарылууда.

     Учурда 21 мектепте башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү уюштурулган.

     Ысык тамак берүү үчүн Бириккен Улуттар уюмунун “Азык-түлүк Программасы” долбоорунан 8830979 сом, айыл өкмөттөрдөн 1915200 сом, ата-энелердин  эсебинен, 950500 сом, демөөрчүлөрдөн 150300 сом акча каражаттары тартылган.

     Мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына ысык-тамак берүү алардын сабактарга активдүү катышуусуна ден соолугунун жакшырышына жана билим деңгээлинин өсүшүнө оң таасир берүүдө.

 Профсоюздун Сузак райкомунун

 басма сөз катчысы: З.Киргизбаев