Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОКУУ ЖЫЛЫН ЖЫЙЫНТЫКТАГАН СЕМИНАР

 

Билим берүү кызматкерлеринин Түп райондук профсоюз комитети 2013-2014-окуу жылын жыйынтыктоочу семинар –кеӊешмесин өткөрдү. Семинар–кеӊешмеге  баштапкы профсоюз уюмунун төрага, төрайымдары, Пленумдун мүчөлөрү болгон мектеп директорлору жана билим берүү мекемелеринин бухгалтерлери чакырылган. Аталган семинарда төмөнкү маселелер каралды:

  1. Баштапкы профсоюз уюмдарынын ролун жогорулатуу.
  2. Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары жана кошумча төлөмдөрүн туура эсептөө жана өз учурунда төлөмдөрдү жүргүзүү.
  3. 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыктары жөнүндө.

Түп райондук профсоюз комитетинин төрагасы М. Сыдыков кеӊири баяндама жасады. Ал өз сөзүндө негизинен жер-жерлерде профсоюз уюмунун ролун жогорулатууда мектеп администрациясы, айыл өкмөтү, айылдык кеӊештин депутаттары жана мектеп окуучуларынын ата-энелери менен тыкыс байланышта иштөө ийгиликтин негизи болоорун баса белгиледи. Баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери өздөрүнүн иш билгилиги, көтөрүлгөн маселелерди жеринен чечүүдөгү компетенттүүлүгү да  профсоюзга болгон ишенимди  бекемдемекчи. Ал үчүн райондук профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп жаткан ар-кыл иш-чараларга активдүү катышуу менен бирге өз билим денгээлибизди да жогорулатышыбыз керек. Биз биргеликте аракеттенгенде гана көздөгөн максаттарга жетип, мугалимдердин көйгөйлүү маселелерин чечүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Семинардагы  кийинки маселелер боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Чекирова жана  борбордоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери өздөрүнүн ой-пикир, сунуштарын ортого салышты. Каралып жаткан үч маселе боюнча катышуучулардын арасында кызыктуу талаш-тартыштар болду. Чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү райондук профсоюз комитети жана баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан мугалимдердин кызыкчылыгын коргоодо ийгиликтүү иш жүргүзүшүп жатканын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Семинарда профкомдорго, бухгалтерлерге, мектеп директорлоруна керектүү таркатылуучу материалдар жана билим берүү, эсеп-кысап  иштерине тиешелүү Мыйзамдардын топтому жазылган дисктер таркатылды.

                                                                   М.Сыдыков,

 Түп райондук профсоюз комитетинин төрагасы.