Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу жайдын сулуулары тандалып алынды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келе жаткан «ОГПИнин периси-2013»  сынагы 26-апрель күнү Ош кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү.

Сынакта окуу жайдын факультеттеринен жана жатаканасынан тандалып чыккан 8 пери ат салышыштыСтудент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу жана эстетикалык табитин арттыруу, кыздардагы сулуулуктун, аруулуктун, наздуулуктун жана акылгөйлүктүн  үлгүлөрүн көрсөтүү, сулуулардын жана жалпы студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, кыргыз элинин тилин, тарыхын, каада-салттарын, маданиятын жаштарга даңазалоо, таланттуу  студенттерди табуу жана алардын жөндөм-шыктарын  өстүрүү ошондой эле аларга коомчулуктун  көңүлүн буруу жана моралдык дем берүүнү максат кылган сынакта  катышуучулар саламдашуу,  ийкемдүү кыз,  таланттуу пери сыяктуу тапшырмаларды чыгармачылык менен аткарышты.

Шаардык кенештин депутаты Абдывахаб Нурбаев, акын Куштарбек Кимсанов, ОшМУнун жаштар  комитетинин төрагасы Маликов Алтынбек калыстык кылышкан конкурстун соңунда Кыргыз-Россия факультетинин студенти Сайдали кызы Айткан  «ОГПИнин периси – 2013» номинациясынын ээси болуу менен 1-даражадагы диплом, кир жуугуч машина, атайын сыйлыктар менен сыйланды, Гуманитардык факультетинин студенти Юлдашева Каныкей  «ОГПИнин ажарлуу  периси - 2013» номинациясына ээ болуу менен 2-даражадагы диплом, микро толкундуу печь,   Музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Жыргалбек кызы Айпери «ОГПИнин таланттуу периси - 2013» номинациясына ээ болуу менен 3-даражадагы диплом, телевизор менен сыйланышты. Ошондой эле калган бардык катышуучулар  атайын кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышып,ошол эле учурда сынакта калыстык кылган Шаардык кенештин депутаты Абдывахаб Нурбаев тарабынан Ош шаарындагы «Lion» бут кийим дүкөнүнөн бирденден бут кийим алууга  мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми жалпы катышуучуларга ОГПИнин кесиптик кошунун төрагасы А.Кошбаев тарабынан Арсланбапка эс алууга жолдонмо тапшырылды.

Белгилей кетсек сынак окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

 

ОГПИнин басма сөз катчысы                                                                   З.А.Нуралиева