Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу - усулдук семинар өткөрүлдү

2021-жылдын 28-апрель күнү Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  иш-планына ылайык Өзгөн районундагы Мырза-Аке, Жазы аймактарынын   жана Өзгөн шаарындагы мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарына  областтык семинар өткөрүлдү. Семинарда «Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн негизги укуктары жана милдеттери», «Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо», «Кадрдык кызматтын иш-кагаздарын жүргүзүү», «Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, 2, 3  тараптуу жамааттык макулдашуулар жана келишимдер», «Билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүлөрү», «Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт жана расымдык сөөк коюу жөлөкпулдарынын төлөнүшү»  жөнүндөгү маселелер боюнча Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.Аттокуров, Өзгөн райондук профсоюз комитетинин инспектору А.Бөлөкбаевдер слайд аркылуу семинардын катышуучуларына кеңири маалыматтарды беришти.

Семинардын иш-планында камтылган ар бир тема боюнча өзүнчө суроо-жооптор менен бышыкталып жандуу, кызыктуу, талкуу, ирээтинде өткөрүлдү. Иш-чарага 62 профсоюз лидерлери катышышты. Областтык семинардын жүрүшүндө семинардын катышуучуларынын түрдүү мазмундагы суроолоруна Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, Өзгөн шаардык профсоюз комитетинин төрайымы З.Азнабакиевалар жооп беришти. Райондогу Куршап зонасынын мектептеринин уюмдары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын лидерлери менен өз алдынча өткөрүү эрежелештирилди.

 

Маалыматты даярвдаган: Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети