Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу тренинги өткөрүлдү

Ак-Суу районунун М.Мамакеев атындагы мектеп гимназиясынын базасында USAUDдин "Окуу керемет!" долбоору боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары Ак-Суу районунун мектеп директорлору жана окуу бөлүм башчылары үчүн "Мектептерде усулдук колдоону уюштуруу" деген темада үч күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү.

Мектептердин жетекчилери илгерилетилген беш окуу модулдарынын кыскача мазмуну менен таанышышты. Башталгыч класстын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүүнүн ар кандай формалары жана ыкмалары боюнча билимин жогорулатышты.

Тренингдин катышуучулары усулдук колдоону камсыздоочу куралдары менен таанышышты, аларга SabakApp жана BaalooApp шилтемелерин практикада натыйжалуу колдонууну айтып беришти. Мугалимдер жана окуучулар үчүн калыптандыруучу баалоонун жана кайтарым байланыштын маанилүүлүгүн түшүнүштү жана практикада колдонууну кандайча жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүштү.

Башталгыч класстардын мугалимдерине BaalooApp, SabakApp тиркемелери аркылуу усулдук колдоо көрсөтүүнү пландаштырууну практика жүзүндө кандай турмушка ашырыларын билишти.Тренингди областтык билим берүү институтунун лаборатория башчысы Аттокурова Айнура жана Осмонбаева Назира өткөрүштү. Тренингке Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жана райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаевдер катышышып өз ой пикирлерин айтып беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райондук КБКнын кызматкери Ж.Жунушева