Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу семинар өткөрүлдү

Ош областтык Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жалпы билим берүү уюмдарынын, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилеринин укктук-ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатууга карата профсоюздук окуу семинары 2021-жылдын 17-ноябрында Араван районунда өткөрүлдү.

Семинарга областтык комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мамбет Аттокуров, областтык комитеттин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча адиси Эшболот Ажимаматов катышышты.

Семинарды Араван райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Бакыт Турдубаев алып барды.

Окуу семинарда иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо, жамааттык келишимдер, кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө кеңири мааниде пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чарага катышкан 60дан ашуун билим берүү мекемелеринин жетекчилери көптөгөн суроолоруна алгылыктуу жоопторду алышты.

Ушундай маанидеги окуу семинарлар тынымсыз өткөрүлүп турса жакшы натыйжага жетише тургандыгын семинардын катышуучулары өз сөздөрүндө баса белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети