Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу-семинар өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин жооптуу кызматкерлери М.Аттокуров, Э.Ажиматов 2021-жылдын 20-сентябрында Чоң-Алай районундагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, эсепчилерин жана экономисттери менен окуу-семинар өткөрүштү.

Окуу-семинардын максаты кызматкерлерди социалдык- экономикалык, эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жаатында КРнын укуктук-ченемдик актылары менен тааныштыруу эле.

Окуу-семинарда төмөнкүдөй маселелер каралды: Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту  сактоо, кадрдык кызматтын иш кагаздарын  уюштуруу  жөнүндө, социалдык  өнөктөштүктү өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жамааттык келишимдер жөнүндө, кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө, убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык сөөк коюу боюнча пособиенин  төлөнүшү жөнүндө.

Ар бир тема аяктагандан кийин суроо-жооптор менен бышыкталып, толукталып турулду. Катышуучулар иш берүүчүлөр болгондуктан окуу-семинар жогорку деңгээлде, иштиктүү өткөндүгүн белгилешип, укуктук-ченемдик актылар жөнүндө кеңири маалымат алгандыктарын билдиришти. Окуу-семинарга 36 билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана адистери катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети