Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу-семинар болуп өттү  

Кесиптик бирлик уюмдарынын алдында билим берүү кызматкерлерине байланыштуу бир топ маселелерди чечүү турат. Аны өзүбүздөн башка эч ким чечпейт. Ал кесиптик бирлик уюмдарынын кызматкерлеринин активдүүлүгүнө, иш билгилигине, биримдүүлүгүнө, туруктуу иш алып баруусуна да жараша болот.

Бирок баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын тез-тез алмашуусу да алардын ишин активдештирүүдө кыйынчылык алып келүүдө. Мына ошол себептен кесиптик бирлик активдерин окутуп-үйрөтүүчү семинарларды өтүү шаардык кесиптик бирлик комитетинин башкы маселелеринин бири жана негизги милдети. Жаңы шайланган кесиптик бирлик активдерин окутуу көңүлдүн борборунда болуп, аларга жакындан жардам көрсөтүү, келип түшкөн суроо-талаптарга жооп кайтаруу максатында Каракол шаардык кесиптик бирлик комитети №1 инновациялык мектеп-гимназиянын базасында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага-төрайымдарынын окуу-семинарын өткөрдү. Анда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишин активдештирүү, анын укук-милдети жөнүндө кеңири сөз болду.

 

Маалыматты даярдаган: Каракол шаарКБКнын төрайымы Ж.У.Касмалиева