Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окуу менен коштолгон Президиум

2022-жылдын 13-майында Каракол шаардык профсоюз комитетинин кезектеги президиуму окуу-семинар менен коштолуп өттү. Президиумда күн тартибиндеги  маселелер каралды. Анда орчундуу маселелердин бири “Мугалимдердин  жана алардын балдарынын жайкы эс алуусун уюштуруу”  болду. Аталган маселе боюнча ШПКнын төрайымы Ж.Касмалиева акыркы 2 жылдан бери Каракол шаарынын  Мэриясы, билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитети тарабынан түзүлгөн 3 тараптуу макулдашуунун негизинде  мугалимдердин жайкы эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом бөлүнүп, шаардын мугалимдери Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине 5 күн эс алып, дарыланып жатышкандыгын айтып, мындай эс алууларды Тоң районунда жайгашкан өзүбүздүн “Красная гвоздика”, “Ысык-Көл”, “Маяк”  эс алуу жайларына уюштуруу жөнүндө баса белгилеп айтты.

Профсоюз мүчөлөрүнөн келип түшкөн КРнын 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү тармагынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна түшүндүрүү иштери менен бирге суроолорго ылайык түзүлгөн программада окуу семинары болуп өттү. Каракол шаарындагы №4 гимназия-мектебинин бухгалтери Раззакова Клара семинардын катышуучуларынын ар бир суроосуна так, жеткиликтүү түшүндүрүү берди.

 

Маалыматты даярдаган: Каракол шаардык КБКнын төрайымы Ж.Касмалиева