Председатель

Наши партнеры

Статистика

ОКУТУУНУН ААЛЫМЫ - ГАПЫР АГАЙ

Март айынын башында улуттук тарых институтунун изилдөөчүсү, Баткен облусунун  Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, жазуучулар союзунун мүчөсү, “Замандаш” журналынын  2013-жылдагы  “Жылдын мыктылары” рес публикалык сынагынын “Жылдын мыкты мугалими”  номинациясынын лауреаты, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, бир нече даректүү чыгармалар китептеринин, эксперименталдык тажрыйбалардын негизинде жазылган китептердин автору  Мадаминов Гапыр Маматкул уулу  шаарыбыздын мектептеринин, балдар жана өспүрүмдөр мекемелеринин мугалимдери, чоң класстардын окуучулары менен жолугушту.

 ШБББнүн башчысы А.Б. Мырзалиеванын демилгеси менен уюштурулган бул жолугушуунун максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча Гапыр агайдын иш-тажрыйбалары менен таанышуу жана келечек ээлерине заманбап, сапаттуу билим берүүгө жетишүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болду.

Жолугушуу өтө кызыктуу жана мазмундуу болду. Гапыр агай угуучуларына: “Он бетти бир бет, бир бетти бир абзац, бир абзацты бир сүйлөм менен түшүндүрүп коюуга болот”-деди.  Азыркы окуучуларга коюлган талап камазга жүктөлүүчү жүктү портерге жүктөп койгондой деген мисал менен түшүндүрдү. Азыркы дүйнөлүк маалыматтардын ар тараптуулугун, кызыктыруучу жаңы маалыматтардын көптүгүн эске алганда аларга алагды болгон окуучулар мугалим эски методдон чыгуусу, окуучулар мүмкүн болушунча турмушта өзүнө кереги тийүүчү маалыматтарды гана талап кылаары табигый экенине ынандырган мисалдарды айтты.

Мугалимдер окуучулардын китеп окууга, дегеле билимге  кызыкпагандыктары боюнча ой бөлүшкөндө,  адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча биринчи ата-энелерди “тарбиялоо” керектигин көп эле сөз кылып калышчу. Бирок, бул учурдагы турмуш талап кылган   анык чындык экенин Гапыр агай далилдеп койгону баарыбызды кубандырды да талыбаган бул аракети баарыбызды суктандырды. Чынында ойлоп эле коюу  эмес, зарылдыкты ишке ашыруу натыйжа берет эмеспи. 

Гапыр агай мектепке кире турган окуучулардын адегенде ата-энеси менен баарлашып, алар менен бир нече ирет  “сабак” өтүп анан уулун же кызын мектепке алып окута баштайт экен. Натыйжада акыркы 10-15 жылдан бери Гапыр агайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайыздан ашыгы Ата Мекенибизден сырткары да өнүккөн чоң-чоң мамлекеттердин окуу жайларынан  артыкчылык менен дипломдорду алышып, мамлекеттик стипендияларга жетишип окуп, чоң аудиторияларда ийгиликтүү иштеп жатышы айткандарыбыздын далили десек болот.

Эгерде бардык ата-энелер Гапыр агайдын ата-энелер уул-кыздарын тарбиялоодо өздөрүн кандай этика-маданиятта алып жүрүүлөрү тууралуу китептеринен окуп билип алышса өз уул-кыздарынын келечеги үчүн гана эмес, өздөрүнүн турмуштагы ийгиликтери үчүн да, нервдик чарчоолордон кутулган ден соолуктары үчүн ж.б. көп нерселерге ыраазы болушаары талашсыз  экенине толук ишенишмек.

Келиңиздер, урматтуу ата-энелер, баардыгыбыз Гапыр агайдын кур дегенде “Акыл эмгегинин маданияты” деген жана ата-энелер үчүн эксперименталдык ой толгоолорун  окуп, үй-бүлөдө ата-эне катары уул-кыздарыбызга эмнелерди үйрөтүп, кандай учурларыбызды аларга байкатпашыбыз керек экенине жана эмнелерди айтып көөдөнүн—жан дүйнөсүн(руханий дүйнөсүн)отурумдуу “акыл азыктары” менен азыктандыраарды билип алалы.

Просмотров: 40 раз(а)