Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Окурман бала –гүлдөгөн Кыргызстан»

     2017-жылдын  17-апрелинен тарта  23-апрелине чейин Кадамжай районуна караштуу мектептерде «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» иш чараларынын алкагында  Буткул дүйнөлүк китеп күнү майрамына карата китеп окуунун ролун окуу тарбия процессинде жогорулатуу, окуучуларды активдүү окууга тартуу максатында  «Окурман бала- гүлдөгөн Кыргызстан» аттуу декадасы болуп өттү.

    Бул иш чараны өткөрүүнүн башкы максаты балдарды китеп окууга тартуу, китеп окуу аркылуу ан-сезимин, ойлоо жөндөмдүүлүгүн, логикасын, билимин өстүрүү жана илим-билимдин руханий дүйнөлүк очогу болгон китептин касиеттерин ача билүүгө, жаратылыштын тереӊ катылган сырларын китеп окуу аркылуу аз да болсо түшүнүп жетүүгө чакыруу. Ошондой эле жаш муундарга  окурман, билимдүү бала гана  коомдо жашоого жакшы ыйгайланышы боюнча түшүнүк берүү.

    Улуу мундун өкүлдөрү жаш окурмандарга жыл сайын өткөрүлүп туруучу иш чараларга катышып, өздүрүнүн билим деӊгээлдерин жогорулатууга, пайдалуу кеӊештерди алууга, тил маданиятын өркүндөтүүгө китеп окуунун пайдалуулугун белгилеп, китеп окууга үндөдү.