Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз»

2022-жылдын 18-апрелинде Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айдеркен аймагындагы он мектептин арасында “Окуу керемет” долбоорунун алкагында жана илимий-изилдөө борборунун окуучулар арасындагы изилдөөлөргө көңул буруу максатында “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз” аттуу кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул кароо-сынакты Усулдук окуу каананын усулчусу Абдурахманова Миңайым, Б.Садыков атындагы №19 орто мектебинин директору  Ташмурзаева Омина жетектеди.

Окуучулар  арасында окуу жана изилдөөлөрүнүн негизинде болгон кароо-сынагында Б.Садыков атындагы №19 орто мектебинин жана А.Солтонов атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунду алып, кароо-сынактын райондук туруна  жолдомо алышты.

Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов тарабынан кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча ар бир катышкан командаларга дипломдор, Ардак Грамоталар жана баалуу жомок китептери берилди. Бул кароо-сынак жогорку денгээлде өткөрүлгөнүн катышуучулар белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук КБКнын уюштуруучу адиси У.Халилова