Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОКТЯБРЬ КАБАРЛАРЫ.

Өлкөбүздөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде да маданий массалык иш чараларга чектөөлөр коюлган. ЖАМУнун профсоюздук комитети  профсоюздук уюмдун мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун, ден соолугун чыӊдоонун үстүндө иш аракеттерин улантып,  жүргүзүп келүүдө. Мына октябрь айы улгайган кызматкерлерге колдоо көрсөтүү менен башталып, ар бир  баштапкы профсоюздук уюмдардын сунушу менен профсоюз мүчөлөрү тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин колдоо көрсөтүүсүнө татыктуу болушту. Ошондой эле баштапкы уюмдардын демилгеси боюнча шаарыбыздын улгайган тургундарына  окуу жайыбыздын жетекчилиги менен биргелешкен жардам көрсөтүлдү. Бул иш чарага филология факультетинин баштапкы профсоюз уюму активдүү катышты.

 

5-октябрь-Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы! Кесиптик майрамды куттуктоодо да, четте калбай, куттуктоо банерлери илинип, чакан-чакан иш чаралар уюштурулду.

19-октябрь профсоюздук кызматкерлердин күнү менен да кызуу куттуктайбыз урматтуу коллегалар, иштериңиздерде ийгиликтерди каалайбыз! Аман бололу!

Сыйлыктарыңар кут болсун!!!

Даярдаган: Н.Баитова