Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Октябрь айы-карыяларды кадырлоо”

2020-жыл 20-октябрь күнү Ноокен райкомунда “Карыялар кадырлоо” айлыгынын алкагында иш чара болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана жардамга муктаж билим берүү кызматкерлери чакырылып, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан берилген азык-түлүктөр таркатылды. Иш чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы А.Каримова, адиси У.Шамаматова катышышты.  Билим, илим профсоюзу тарабынан өткөрүлүп жаткан мындай иш чаралар,  билим  берүү  тармагындагы  профсоюз  мүчөлөрүнө көрүлүп  жаткан  камкордуктар  кесиптештерибизге материалдык гана эмес моралдык жактан да абдан чоң колдоо болуп жаткандыгына шек жок. Иш чаранын жыйынтыгында ардагер агай, эжекелер профсоюздун өз мүчөлөрүн өлкөдө болуп жаткан оор учурда материалдык жактан колдоп, камкордук иштерин жасап жаткандыгын жогору баалашарын билдиришти. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети жана ардагер билим берүү кызматкерлери тарабынан Борбордук Комитеттин төрагасы А. Токтогуловго, облустук комитеттин төрагасы А.Исмаиловго терең ыраазычылык билдиребиз.  

Материалды  даярдаган:  Ноокен райКБКнын

инспектору Т. Бакиров